7-августтагы аба ырайынын божомолу  

  • 12 месяцев мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 7-августта, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болушу ыктымал.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты