7-августта: Айрым жерлерде 37 градуска чейин ысык болот    

7-августта күндүз Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты