«Ала-Тоо» аквапаркындагы окуяга байланыштуу мектеп директору иштен алынды

  • 2 года мурун

«Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда, мектеп директору Эмгек кодексинин 83-беренеси (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) боюнча жумуштан бошотулган.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

Окуяны иликтөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгында комиссия түзүлүп, мектептеги бир канча мугалим иштен алынган. Комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жана Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты