Аквапарктагы окуяга байланыштуу дагы эки мугалим иштен алынды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болгон окуяга байланыштуу №95 мектеп-гимназиянын башталгыч классынын жети мугалими, билим берүү мекемесинин тарбия жана башталгыч классынын завучу кызматтан алынды.

Бул тууралуу 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.

Дагы эки мугалим ден-соолугуна байланыштуу эс алууда болгондуктан, аларга карата чечим кабыл алына элек. Кызматтан алынган жана жумушка чыга элек мугалимдер окуучуларды аквапаркка алып барган класс жетекчилер.

Бишкек шаарынын мэриясында аквапарктагы окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия Айгүл Шимованы кызматтан алууну сунуштаганы белгилүү болду.

Директору өзү ал күнү балдардын аквапаркка барганынан кабардар болбогонун айтып жатат.

6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Маалыматка ылайык, ал күнү аквапаркка 13 класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты