«Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясы боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

«Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кечээ, 6-июнда саат 11:00дө “Ала-Тоо” аквапаркында өспүрүм бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен бирге окуучулар үчүн эс алуу уюштурган. Эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек шаардык мэриясы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты