«Манас айылы» комплексин жаңылоо боюнча долбоорго сынак жарыяланды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча архитектуралык долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сынактын байге фонду — 3 миллион сомго. Жетыбаев бул каражатты демөөрчүлөр чогултуп бергенин, бюджеттен бир дагы сом кетпей турганын кошумчалады.

«Сынакка долбоорлорду кабыл алуу 5-июлга чейин жүрөт, жеңүүчүнү 12-июлда аныктоону пландап жатабыз», — деп билдирди Нуртазин Жетыбаев.

Сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 миллион сом, экинчи орунду алган катышуучуга 1 миллион сом, үчүнчү орундун ээсине 500 миң сом каралган.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплекси 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Комплекс алгач Бишкек шаардык мэриясынын балансында болгон. 1998-жылы «Бишкек» эркин экономикалык аймагы» башкы дирекциясынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Бул борбор “Бишкек” ЭЭЗдин өндүрүш ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгондуктан, аны кароо чыгымы оорлоп, убакыттын өтүшү менен маданий борбордун аймагынын абалы начарлап баштаган. Азыр маданий жайдын дээрлик бардык курулуштары талкаланган абалда. Андыктан комплексти оңдоп-түзөө маселеси буга чейин дагы бир нече жолу көтөрүлгөн.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” айылынын абалы менен таанышканы барган учурда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов комплексти жаңылоого жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирген. Ал “Манас айылы” аталган министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын айткан. 

2021-жылдын апрель айында этнографиялык комплексти реконструкциялоо үчүн долбоорлорго сынак жарыяланган. «Манас айылы» комплексинин мурдагы жетекчиси Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, сынакта 12 кишиден турган калыстар тобу архитектор Мухтар Тагайбек уулунун долбоорун тандап алышкан. Долбоор толугу менен иштелип чыккан соң президенттин иш башкармалыгынан аны курууга каражат жок экенин билдиришкен.

Ушул жылдын май айында Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген.

Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн. Бийлик өкүлдөрү комплекс реконструкция болорун билдирип, жер басып алууга байланыштуу кепти четке кагышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты