6-ноябрда: Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт
- 7 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүчү боюнча бүгүн, 6-ноябрда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден Ысык-Көл ойдуңунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4.
Сүрөт: «ПолитКлиниканын» окурмандарынан
Муну бөлүшүү




