6-мартта: Өлкөдө жаан жана кар жаайт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн,  6-мартта, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз+ 6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…:6;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт. Туман түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°, күндүз +6…+8° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты