6-июндагы аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 6-июнда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°, күндүз +28…+30 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




