6-июлда: Айрым жерлерде — 39 градуска чейин ысык. Ысык-Көлдө өткүн өтөт  

  • 4 дня мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 6-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +32…37;

Талас облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +32…37;

Баткен облусунда түнкүсүн +20…25, күндүз +34…39;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…26, +күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +28…33;

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +20…22°, күндүзгү жогорку температурасы +33…35° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты