6-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 6-февралда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +5…+7 градус болушу күтүлөт.
Муну бөлүшүү




