6-августтагы аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 6-августта, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +31…+36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты