6-августта: Айрым жерлерде 36 градуска чейин ысык болот
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 6-августта, күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




