Быйыл ажылык сапардын баасы 4 500 доллар болушу ыктымал

  • 2 года мурун

Быйыл ажылык сапардын баасы 4 500 доллар болушу мүмкүн. Бирок бул акыркы баа эмес, дагы өзгөрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (муфтият) басма сөз кызматы билдирди.

«Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Аравиясы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттап кетүүсү мүмкүн экенин эске алуу менен бүгүн, 21-апрелде быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4 500 АКШ доллары деп бекитти. Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин зыяраттын баасы 4 500 доллардан арзан боло турган болсо, ажылыкка акчасын төлөгөндөр айырмасын кайтарып алышат. Ал эми азыр көрсөтүлгөн баадан жогору боло турган болсо, кошумча төлөм кылышат.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Зыяратчылар акчасын 25-30-апрелге чейин тапшырышы керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты