Бишкекте Апрель окуясынын жетишкендиктери жана кемчиликтери талкууланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте «Апрель окуясы: жетишкендиктер жана кемчиликтер» аталышындагы тегерек үстөл өтүп жатат. Ага убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, саясат талдоочулар, эксперттер катышууда.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. 500дөн ашууну жараат алган. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Бакиев азыр Беларуста баш калкалап жүрөт.

Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далил жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты