Сот Динара Ошурахунованы «Майда бейбаштык» беренеси боюнча актады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет учурунда кармалган укук коргоочу Динара Ошурахунованын ишин карады.

Сот «Майда бейбаштык» беренеси боюнча Ошурахуновага карата козголгон ишти Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу кыскартты.

«Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» беренеси боюнча козголгон экинчи ишти кароону 25-мартка жылдырды.

Кечээ, 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришкен. Аларды милиция кармап кетип, суракка алган. Андан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты