Лимонтинин өлүмү: Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Лимонти» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү аяктады.

Айыпталуучу Талгат Шамиев күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Сот залында Шамиев кылган иши үчүн өкүнөрүн билдирип, жабырлануучу тараптын жакындарынан кечирим сурады.

Судья Мирлан Термечиков айыпталуучунун 2 жыл тергөө абагында кармалганын эске алуу менен жаза мөөнөтүн 1/4кө кыскартты.

Мындан тышкары сот Шамиевди жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 100 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

Белгилей кетсек, «Лимонти» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында киши колдуу болгон. Анын сөөгүн Талгат Шамиев аттуу жаран Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына алып келип, күнөөсүн мойнуна алган. Маалыматка ылайык, Шамиев Лимонтини атасы — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имангазы Шамиевдин өлүмү үчүн өч алуу максатында өлтүргөнүн айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты