Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

  • 2 года мурун

2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү 23-28-май аралыгында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 16-февралда маалымат жыйынында билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдиргендей, ЖРТга каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында өткөрүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгын тууралуу күбөлүк, орто билим жөнүндөгү аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

Эгерде абитуриент 16 жашка чыгып, бирок колунда паспорту жок болсо, ЖРТга каттала албайт. Ал үчүн тестирлөө күнүнө чейин паспорт алышы керек.

Үсөналиев белгилегендей, учурда окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калууда. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү мүмкүн.

“Бийик тоолуу аймак, айыл, шаар, райондук-шаардык мектептерге, жалпы жонунан беш багытта жеңилдиктер берилет”, — деди ал.

Марат Үсөналиев быйыл мектепти 68 миң окуучу аяктаганы жатканын айтып, алардын 60 пайызы гана тест тапшырарын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты