5-сентябрдагы аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-сентябрда, өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл жана Нарында күндүз шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +32…+34 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




