5-ноябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-ноябрда. күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…+1.

5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан карга айланышы мүмкүн экени эскертилген. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-ноябрь күнү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты