5-мартта: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-мартта, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын көп жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 9…11° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты