5-майдагы аба ырайы
- 6 дней мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-майда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаашы күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




