5-июнь: Тоолуу райондордо өткүн өтөт. 36 градуска чейин ысык күтүлөт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 5-июнда, өлкөдө түнкүсүн жаан жаашы күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.  

Абанын температурасы    

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз+ 28…+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…35 градус ысык күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты