5-июлда: Айрым жерлерде ысык 41 градуска чейин жетет
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-июлда, түнкүсүн күн жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…25, күндүз +35…40;
Талас облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз +33…38;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…25, күндүз +36…41;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…25, +күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +27…32;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +30…35;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +22…24°, күндүзгү жогорку температурасы +36…38° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы