5-декабрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-декабрда, күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +6…+8 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




