5-августтагы аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-августта, күндүз Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты