5-августта: Айрым жерлерде өткүн өтөт

  • 12 месяцев мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 5-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты