5-апрелде: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 4 месяца мурун
5-апрелде күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +19…+21° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




