Президенттик администрациянын тогуз кызматкеринен коронавирус аныкталды

  • 3 года мурун

Президенттин администрациясында иштеген тогуз кызматкерден коронавирус аныкталды.

Аталган мекемеден билдиришкендей, өлкө аймагында коронавируска кабылган учурлардын кескин өсүшүнө байланыштуу 10-январдан тарта мамлекеттик органдардын борбордук аппаратынын кызматкерлеринен экспресс-тест алына баштады.

Анын алкагында 10-январда Президенттин иш башкармалыгы, УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматы, президенттик аппараттын 602 кызматкери экспресс-тест тапшырып, тогуз кишиден вирус табылган.

Алардан ПЧР-тест алынды. Анын жыйынтыгы чыккыча бул кызматкерлер аралыктан иштейт. Өкмөткө караштуу бардык борбордук иш башкармалыктарда коронавируска карата жапырт текшерүү иштери жүрөт турганы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 10-январга карата вирус жалпы 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты