УКМК: Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун бошотулганын тастыктады.

9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Токмоктолгон жигит “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Видео Интернетке тараган соң андагы сүйлөп жаткан жигит ыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. 

Рузахуновдун туугандарынын маалыматына караганда, кыргызстандык музыкант Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2022-жылдын 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.

«Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен», — деп белгилешти министрликтен.

Рузахуновдун Алматыдагы «башаламандыкка катышы бар» деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нота тапшырылган.

Азыркы учурда Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты