46 миңден ашык киши Навальныйдын сөөгүн жакындарына берүү талабы менен Тергөө комитетине кайрылды

  • 5 месяцев мурун

Алексей Навальныйдын сөөгүн жакындарына берүү талабы менен Тергөө комитетине 46 464 кайрылуу жолдонду. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо долбоору кабарлады.

«Абак өкүлдөрү Навальный «кокустан мүрт кетүү синдромунан» улам каза болгонун билдирип жатышат. Салехарддагы Тергөө комитети саясатчынын өлүмүнүн себептери аныктала электигин, экинчи жолу гистологиялык экспертиза жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы кийинки аптада гана белгилүү болорун билдирүүдө. Оппозициячынын жакындары менен тарапташтары бийлик мындай жол менен анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жашырууга аракет кылып жатат деп эсептөөдө» деп жазылган долбоордун сайтында.

Укук коргоочулар Навальныйдын сөөгүн жакындарына берүү талабы менен Тергөө комитетине кайрылууларды жолдоо өнөктүгүн 17-февралда башташкан.

Бул күнү Навальныйдын адвокаты менен апасы анын сөөгүн алып кетүү үчүн Салехардга барып, таба албай коюшканын билдиришкен. Аларга шаардык өлүкканадан Навальныйдын сөөгү ал жерде эмес экенин айтышкан.

«ОВД-Инфо» белгилегендей, Навальныйдын өлүмү боюнча Тергөө комитетинин процессуалдык текшерүүсү анын сөөгүн жакындарына берүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин жылдырышы мүмкүн. Эгер бул факты боюнча кылмыш иши козголсо, анда оппозициячынын сөөгү жакындарына андан да узак убакыт берилбеши мүмкүн.

Буга чейин «Медиазона» басылмасы Лабытнанги жана Салехард шаарларынын ортосундагы көзөмөл камерасына тартылган видеону жарыялаган. Анда 17-февралга караган түнү жолдон Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын унаалары өткөнү тартылып алынган. Журналисттердин айтымында, бул видео Навальныйдын сөөгү атайылап жакындарынан жашырылганын күбөлөндүрүп турат.

47 жаштагы оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлаган. Ал 2021-жылдан бери камакта отурган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты