Айдоочуларга эскертүү: Боом капчыгайында трассанын бир тарабы убактылуу жабылат

  • 2 года мурун

25-октябрдан 29-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымда таш кулатуу иштери жүрөт. Буга байланыштуу Боом капчыгайында саат 09:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабык болот.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо учурунда унаалар трассанын бир тарабы менен жүрө алышат. Эгер 30-40 автоунаа бир топтолуп кала турган болсо, таш кулатуу иштери токтотулат.

Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты