4-ноябрдагы аба ырайы

  • 3 часа мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 4-ноябрда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондоруна кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +10…+15;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21.

Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты