4-ноябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 4-ноябрда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан карга айланат. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +3…+5.

4-5-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан карга айланышы мүмкүн экени эскертилген. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-ноябрь күнү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты