4-марттагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 4-мартта, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз жаан жаайт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




