4-июнда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

  • 1 неделя мурун

Кыргызгиромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 4-июнда, күндүз Талас, Ош, ЖалалАбад, Баткен, ЫсыкКөл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, ЖалалАбад, ЫсыкКөл облустарынын айрым жерлеринде жаанчачын катуу жаайт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күңдүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күңдүз +24…+29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18°, күндүз +29…+31° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты