4-июлдагы аба ырайы
- 1 неделя мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 4-июлда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




