4-декабрда: Айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 4-декабрда, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаайт. Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +11…+16;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +12…+14 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




