4-августта: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт   

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча бүгүн, 4-августта, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +21…+23, күндүз +31…+33.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты