313 чет өлкөлүк жаранга «Мекен карт» берилди. Чет өлкөлүк жарандыгы барлар мекендеш макамын кантип алса болот?

  • 1 год мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 13-мартында «Мекен Карт» долбоору ишке киргенден бери 313 жаранга чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамы берилген. Бул убакыт аралыгында 361 арыз кабыл алынып, анын ичинен 9 арыз четке кагылган.

Арыздар системанын техникалык оператору болуп саналган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен бирге иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу кабыл алынат.

«Мекен Карттын» жарактуу мөөнөтү — 10 жыл. Арыздарды кароо жалпы тартипте 3 айга чейин жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 1,5 айга чейин созулат (эгерде Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу алты айдан ашпаган убакыт мурун болсо).

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, мурда Кыргызстандын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери «Мекен Картты» алууга укуктуу.

Арыз Кыргызстандын аймагында — аймактык бөлүмдөрүндө же калкты тейлөө борборлорунда , ошондой эле өлкөнүн чегинен тышкары — Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде берилет.

“Мекен Карт” ээлери бир катар жеңилдиктерди алышат: Кыргызстанга визасыз кирүү, чыгуу жана болуу укугу, жашоого уруксаты жок туруктуу жашоо мүмкүнчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттарда ишке орношуу, саламаттыкты сактоо жана билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк, ошондой эле он жыл бою айыл чарба жерлерин башкаруу мүмкүнчүлүгү.

2025-жылдын 1-майына (2023-жылдан бери) карата өлкөлөр боюнча статистика төмөнкүдөй: Россия – өтүнмө 217, берилген -190, Түркмөнстан – өтүнмө 28, берилген -22, Германия – өтүнмө 62, берилген -51, Австрия – өтүнмө 9, берилген- 9, Беларусь – өтүнмө 1, берилген, Түркия – өтүнмө 2,берилген-2 , Иордания – өтүнмө 2, берилген-2, АКШ– өтүнмө 2, берилген -2 ж.б.

Мекен Карт» долбоору өнүгүүнү улантууда, ал чет өлкөлүк жарандыгы бар кыргызстандык мекендештерге колдоо көрсөтүүдө»  деп түшүндүрдү министрлик.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты