31-майдагы аба ырайы

  • 4 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 31-майда, өлкөдө аба ырайы өзгөрүлүп турат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:    

Чүй облусунда: түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35;

Талас облусунда: түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Баткен облусунда: түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда: түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты