31-декабрда: Айрым жерлерде кар жана жаан жаайт  

  • 8 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 31-декабрда, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метр, күндүз шамал батыштан согуп, секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +3…+5, күндүз +12…+14 градус жылуу.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты