31-августтагы аба ырайы
- 7 дней мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 31-августта, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;
Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;
Ош, Жалал-Абад облустарында +17…+22, күндүз +32…+37°;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30 болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 болот.




