30-октябрдагы аба ырайы

  • 10 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 30-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+20 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты