30-марттагы аба ырайы: Айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт
- 2 года мурун
Кыргызгидрометтин кабарлоосу боюнча, бүгүн, 30-мартта, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 1…-3°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.
30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 10…12° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




