30-июлда: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 30-июлда, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9-, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +30…+32 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




