30-апрелдеги аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 30-апрелде, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




