3-январь: Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

  • 1 месяц мурун

3-декабрда түнкүсүн Ош, ЖалалАбад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, ЫсыкКөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаанчачын болбойт.

Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…2° болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты