3-сентябрда: Айрым жерлерде 34 градуска чейин ысык болот

  • 10 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 3-августта, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты