3-октябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча бүгүн, 3-октябрда, күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




